Ысык-Көл. Мектептер химия жана физика мугалимдерине муктаж

 Облус боюнча 82 миӊ педагогикалык кызматкер эмгектенет. Ага карабастан, учурда мектептерде 124 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук билим берүү институтунан билдиришти. Маалыматка таянсак, өзгөчө так илимдерди окутуучу мугалимдер жетишсиз. Мектептер химия, физика мугалимдерине муктаж. Негедир аталган илимдин окутуучусу болууну каалагандардын саны аз. Кызыгы, ушул эле учурда информатика менен англис тили мугалимдерине саат жетпей, алар жумушсуздардын катарын толукташууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан