Алмазбек Атамбаев Германиянын федералдык президенти Йоахим Гаук менен жолугушту

Бүгүн, 1-апрель күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Берлинде өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында Германиянын федералдык президенти Йоахим Гаук менен жолугушту. Жолугушуу кыргыз тараптан президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, вице-премьер Валерий Диль, Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчиси Болот Отунбаев, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун катышуусунда президенттик “Белевью” резиденциясында болуп өттү.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапары 22-мартта башталган жана ал бүгүн, 1-апрель күнү аягына чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан