Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын 32-сессиясына катышат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, төрага жыйынга катышуу үчүн Португалияга жөнөп кетти.
Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт. Андан тышкары, бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.