Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине болгон иш сапары ийгиликтүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы президенттик аппаратка тиешелүү программаны ийне-жибине чейин иштеп чыгууга тапшырма берди. "Биз программаны 2-3 күндүн ичинде бүтүп, өкмөткө, парламентке жана мамлекеттик мекемелерге жөнөтөбүз. Бул багытта ар бир кадамды жасоодо абдан тыгыз иштешибиз керек",- деди Исаков.
А.Атамбаев дагы бир нече өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын жактаган иш сапарлары менен барууну пландап жатат. "Буга чейин президент араб мамлекеттерине барган, кечээ Европа өлкөлөрүнө болгон иш сапарынан келди. Мунун баары Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты көп багыттуу болорун көрсөтөт",- деп билдирди Исаков.