Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Тажикстанда жыйын өткөрүштү

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 2-апрелде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өттү. Жыйында эл аралык саясаттын учурдагы көйгөйлөрү, аларга байланышкан коркунучтарга каршы туруу чаралары, эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө, Борбор Азияда тынчтыкты камсыздоо маселеси талкууланды. 
ЖККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн тышкы саясат, коопсуздук жана коргоо темасы боюнча 2015-жылдын экинчи, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата консультациялар планы жактырылды. Жыйынга кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан