Ош шаарындагы мектептерде 9-10-11-класстардын окуучуларынын арасында кыргыз тили жана адабияты боюнча “Аялуу жан сырын адам дилинде, айта алат бир гана эне тилинде” деген темада уюшулган кыргыз тили жана адабияты боюнча олимпиаданын шаардык баскычы өтүүдө.
Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, олимпиадада болжолдуу темаларга эссе формасындагы жазуу иштери, көркөм окуу, көркөм чыгармачылыгы, кыргыз тилин өнүктүрүүгө карата окуучулар тарабынан даярдалган долбоорлорду жактоо багыттары каралган. Бул багыттарга ар бир мектептен бирден окуучу катышып, алардын кыргыз тили боюнча билими, ага болгон мамилеси кеңири талкууланууда.
Бул олимпиада окуучулардын кыргыз тили жана адабияты сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана балдардын инсандык чыгармачылыгынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү максатында уюштурулууда.