Сирия жакынкы ааралыкта Израил менен тынчтык түзүшү мүмкүн

Сирия жакын арада Израил менен тынчтыкка жетишиши мүмкүн. Бул тууралуу Ad-Diar гезити булактарга таянуу менен жазып чыкты.

Басылма Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аль-Шараанын Израил менен тынчтык келишимине кол коюусу иш жүзүндө чечилген маселе экенин белгилеп, буга бир нече жума же айлар гана калганын жазат.

Макалада айтылгандай, ушул жагдайда Ливанга да Сирия менен бир убакта же андан көп өтпөй Израил менен тынчтык келишимине кол коюуга көндүрүү үчүн кысым күчөгөн.

Басылманын маалымат булактарынын айтымында, быйылкы жылдын башында мөөнөт белгиленген. Бул убакыт аралыгында Америка Кошмо Штаттары эки келишимдин түзүлүшүнө жетишүүнү каалайт. Ошондуктан Ливанга басымдын күчөшүн жокко чыгарууга болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан