Бишкекте зордуктоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына 27 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Талгат жана Элмар аттуу эки бала күч колдонуп зордуктап, андан соң уюлдук телефонун алып кетишкенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Р.Э. кармалган. Ал эми экинчисин кармоо иштери жүрүүдө.