Өмүрбек Текебаев былтыр Ахматбек Келдибековду чет өлкөгө дарыланууга жөнөтүүгө парламент кантип уруксат бергенин айтты

"Кыргыз мамлекетинин "Кумтөрдөгү" үлүшү 51 пайыздан ашса, ишкананы улутташтырып алууга мүмкүнчүлүк бар". Муну парламент депутаты Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында билдирип, "Центерранын" Директорлор кеңешин алмаштыруу боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин сунушун колдоо керектигин айтты. 
"200 миллион долларга 18-20 пайыздык үлүштү сатып алса болот. Акча барбы, бар. Биз былтыр парламент каникулга кеткени жатканда, 30-июнда "алтын валюталык резервдерди Улуттук банк юридикалык жактардын акциясына салса болот" деген мыйзам кабыл алып бергенбиз. Өкмөт былтыр сентябрга чейин 200 миллион долларга 20 пайызды сатып алышы керек эле, сатып алган жок. Сомдун кунун кармайбыз деп бир жылдын ичинде Улуттук банктын 600 миллион доллары жоголду. Эгер өкмөт былтыр сатып алганда ошол алтындын эсебинен сомубузду кармабайт белек. 400 миллион болбосо да, 150 миллион чөнтөгүбүздө калат эле го?"- деп билдирди Текебаев.
Депутат кесиптеши Ахматбек Келдибековдун чет өлкөдөн дарыланып келишине парламент эмне үчүн макул болгонунун сырын айтты. 
"Силер билбейсиңер, өкмөт "Кумтөрдүн" акцияларын сатып алыш үчүн эмнелерге гана барган жок. Аталган мыйзамды (алтын валюталык резервдер боюнча) былтыр сессиянын акыркы күнү кабыл алып кетели дедик, өкмөт күзгө чейин сатып алып койсун деген ойдо. Мыйзамды 3 окуудан кабыл алыш керек экен, 3 окуудан кабыл алыш үчүн 5 фракциянын макулдугу керек экен. Төртөө макул болуп, "Ата Журт" макул болбой койду. 
Бирок акыркы күнү макул болуп, кол коюп берди, ошол үчүн кабыл алынды. Билесиңерби эмне үчүн? Анткени парламент "Келдибеков чет өлкөгө барып дарыланып келсин" деген токтомго ошону алмаштырып алды. "Келдибеков сырттан дарыланып келсин" деген токтомду колдоп бердик, КСДП да колдоп берди, андан кийин жанагы мыйзам кабыл алынды",- деди "Ата Мекендин" лидери. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан