Өлкөдө бюджеттик жана бюджеттик эмес мекемелердин маяналарында айырма чоң

Өлкөдө бюджеттик мекемелердин кызматкерлери бюджеттик эмес мекемелердин кызматкерлеринин маяналарынын 57 пайызын алышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде маалымат жыйын учурунда Улуттук статистикалык комитетинин жумуш менен камсыз болуу жана эмгек статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнара Жайлообаева билдирди. Анын айтымында, орто эсеп менен жеке менчик мекемелердин кызматкерлери айына 16 миң сом, ал эми бюджеттин эсебинен маяна алган кызматкерлер орто эсеп менен 9 миң сомдон эмгек акы алышат. 
Буга катар өлкөдө эң көп эмгек акы алган категориядагы кызматтар болуп каржы, маалымат байланыштары эсептелинет. Ал эми маянасы эң төмөн болгон жумуш саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармагында байкалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2015-04-10 13:41:48
Айланайын бай болгур бийликтегилер, доктурлар менен мугалимдердин айлыгын которуп койгулачы! Кыргызстанда акчан жок болсо оорубай эле койгонун он, олуп жатсан да карашпайт экен! Ал эми мугалимдер студенттердин чонтогуно кызыкпай жакшылап окутуп, жакшы адистерди чыгарышсын! Биздин келечегибиз жаш оспурумдордун колунда! Эгер азыркы корунуш улана бере турган болсо келечегибиз эмне болот????
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан