2015-жылдан тарта жыл сайын кошумча бир жолу берилүүчү акчалай жөлөк пулдун суммасы төмөнкүдөй болот:
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине - 15 000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына - 15 000 сом;
- Ленинград шаарында 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда шаардык ишкана, мекеме жана уюмдарда иштеген жана “Ленинградды коргоо үчүн” медалы менен сыйлангандарга жана “Блокадалык Ленинград жашоочусуна” белгиси менен сыйлангандарга - 15 000 сом;
- Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, гетто жана башка күчтөп кармалган жайлардын жашы жете элек туткундары үчүн - 15 000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон аскерлердин жесирлерине - 10 000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согушта жан үрөгөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССР орден жана медалдары менен сыйлангандарга - 10 000 сом;
- Улуу Ата Мекендик согушта мыйзамсыз түрдө эмгек колонияларына жөнөтүлгөн жана кийинчерээк реабилитацияланган жактарга - 10 000 сом.