Бишкекте активисттер өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты

Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте Ак үйдүн алдына активисттер өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып, митингге чыгышты. Болжол менен 50гө чукул активисттин акциясына милиция кызматкерлери көз салып турушту. Жарым саатка созулган митингде өкмөт башчынын "Кумтөр" маселесин чече албаганы айтылып, активисттер ага ишенбей калышканын билдиришти.  

"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин мүчөсү Замир Көчөрбаев өкмөт башчы бир апта ичинде кызматынан кетпесе, анда активисттер элди чогултууга өтүшөрүн кошумчалады. 

Эске салсак, кечээ, 9-апрелде Жогорку Кеңеште "Кумтөр" маселеси каралган. Анда премьер-министр бул маселе боюнча биргелешкен ишкана түзүүгө жана кенди улутташтырууга каршы экенин билдирген. Муну менен катар ал "Кумтөр" боюнча азыркы статусту сактап калууну жана "Центерранын" Директорлор кеңешин алмаштырууну сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө ЖКнын айрым депутаттары өкмөт башчыга ишенбей калышканын айтышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
beka1207
2015-04-10 12:39:48
ушул жакшы иш эмес да!!!!окмотту кетиреберип же булар чарчабады,кайра кайра кызматка келе берип же окмот чарчабады)))премьер министр деген кызматтын баркы кетти,мага бул кызмат временный 6 айлык эле кызматтай сезилип калды
+4
edu.kg.
2015-04-10 13:41:13
Карапайм калкка тынчтык керек эн негизгиси. Бирок ошол тынчтыкты бузуп ,ар кыл ойундарын койуп жаткан окмотко ажого нааразы калк. Ошондуктан чегине жетип тойгозушканынан чыгып жатышат да,беш жылда эмне пайда алып келишти эмне убада беришти эле? Тез арада бир чара колдонушпаса элдин маанайы бузулуп барат
+4
ENGELSA
2015-04-10 13:51:10
Ак уйдо отурганда баарын жардырып Жок кылып туруп. Только жаштарды эл коюш керек. Анан ар бир ийне жибине чейин отчет талап кылып эл бирге журуш керек. болбосо Кр Эгенмендуу болгондон бери бир жер озгоргон жок. Кемисе кемиди бирок алдыга жылган жок
0
ENGELSA
2015-04-10 13:59:09
Акаев кетип Бакиев келди эмне озгорду??? Бакиев кетип Атамбайев келди эмне озгорду???? Жанагы еле курук соз наоборот Кыргызстан артка кетти. Лучше баарын жок кылыш керек. Болбосо ар бир атка минердин артынан 5 тен камиссия тузуп не кылды каерде чай ичти ар бир кыймылына козомол болуп даже дем алып аткан абасынан бери элге жеткизип тура турган кылыш керек
0
meli12
2015-04-10 14:03:08
ээй кетсин жарытпагандан кийин. озубуздун жерибизге озубуз ээ эмес акчага сатылып аа деп айталбай калдык го кетирсин канадалыктарды. эми угуп атам кытайлыктар чуйго жер алышып иштетишип тим эле жайнап кеткенин кыргыз алданган акчага сатылган кул болгонго да даяр бир нерселерин да жалаганга акча учун даяр экендери тушунуктуу болду кетиришсин кытай канада пакистан турк деген калктарды
+2
bom.bon
2015-04-10 16:18:55
Дарак бир жерден когорот.ошону эккенда озубуз эми кыркып салалык дегенда озубуз!тарых айткандай ички биримдик болбосо мамлекет эч качан онукпойт!
+1
bakyt_2015
2015-04-10 20:22:36
Элди алып чыгабыз деп элди мал катары корушкон, озун активист атап элдин атынан суйлогон журт бузарлар кобойду.Бири апрелдин баатырымын деп озун-озу баатыр атаган наглыйлар чыкты.Жазгы иштер башталып элге бир кун да кымбат болуп турганда ушул топтошкон бекерпоздор кууратмай болду.Элдин тынчын алдырып буларды кутуртпай камачусун камап, айып салчусун айып салып тынчытпайбы.Же ушул топтошкон бузукулардын концертин карап олтура беребизби эки кундун биринде.
+1
kama_future_millioner
2015-04-10 22:46:21
Иштей албаса кетсин
0
Lapushka15
2015-04-10 23:29:04
Дагы бирроо акча берсе,эл кетсин деп чыга берет.Эмнеге чыгып жатканын озу да билбейт.турган элдин баары акчага жалдангандар да
-1
Parish
2015-04-12 01:12:53
Бул туура эмес,азыр жаз
жарыш куз курош дегендей
дыйкандарга тоскоол болуп жылына эле
митинк деген нерсе
жазында башталып
кетип атат.Андан коро
бир жакадан баш бир
женден кол чыгарп
иштебейсинерби.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан