Кирешелүү тармактардын арасынан дары-дармек сатуу баңгизат жана курал сатуудан кийинки орунда турары айтылды

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында дары-дармектердин улуттук базасын түзүү жана өнүктүрүүнүн концепциясы каралды.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, аталган база түзүлгөндөн кийин жарандар жана бардык тиешелүү түзүмдөр дары-дармектердин бааларын жана электрондук каттоосун текшере алышат. Мындан сырткары министр улуттук базаны түзүүнүн негизги максаттары медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, медициналык жабдуулар маселесин чечүү экенин айтты.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы Гүлмира Шакированын айтымында, кирешелүү тармактардын арасынан дары-дармек сатуу баңгизат жана курал сатуудан кийинки орунда турат. "Мындан улам бул тармакты көзөмөл кылууга жана мыйзамдаштырууга мүмкүн эмес болууда",- деди Шакирова.
Депутат Жусупали Исаев өлкөдө дарыканалардын саны көп болгондугуна коррупция себеп болуп жатканын билдирди. "Эгер бул тармакта иш мыйзамдуу жүргүзүлсө, дарыканалар мынчалык көп болмок эмес. Ошол эле учурда дары-дармектердин сапаты да начар, баалары да жогору. Бул тармакты тартипке салуу керек",- деди Исаев.
Жыйынтыганда фракция дары-дармектердин улуттук базасын түзүү жана өнүктүрүү концепциясын жактырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан