Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 10-апрелде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, жолугушууда Турдубаев президентке алдыдагы калкка жылуулук берүү мезгилине энергетикалык системди даярдоо боюнча жумуштардын башталышы, Токтогул суу сактагычында жетиштүү көлөмдө суу топтоо жана өлкөнүн негизги энергетикалык объекттеринде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев министр менен генератордук кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган кыргыз жеринде ири энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкууга алды.