"Кыргыз мамлекетинде азыркы учурда элди массалык митингдерге алып чыгууга жөндөмдүү бир дагы күч жок". Муну "Ар-намыс" фракциясынын 10-апрелдеги жыйынында фракция лидери Феликc Кулов билдирди. Фракция отурумунда Ошто айрым оппозиция өкүлдөрүнүн куугунтукталышы тууралуу маселе көтөрүлдү.
ИИМ менен УКМК бул окуяга катыштыгы жок экенин билдиргенин айткан Кулов буларды кошумчалады:
"Оппозициянын курултайындагы сөздөрдү жаздырып алыш керек, эгер алардын сөзүндө бийликти кулатуу чакырыктары айтылса, анда күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу зарыл. Эгер тынч митинг өткөрүшсө, анда каалаган жеринде уюштура беришсин. Азыр президенттин таасири мурункудай күчтүү эмес, бирок аны жамандашууда. Кечээги окуядан кийин оппозиция өкүлдөрү президенттин отставкасын талап кылышты. Арзан популисттик билдирүүлөрдү жасоону токтотуш керек".