Бишкекте ар улуттун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөлөрдү чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бишкекте 15-апрелде ар улуттун өкүлдөрүнөн турган үй-бүлөлөрдү чагылдырган "Паприка планетасы" деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, көргөзмөгө 30 фотосүрөт коюлат. Портреттерге түшкөн интернационал үй-бүлөлөр кадимки Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору. Иш-чаранын максаты кыргыз өлкөсүндө, анын ичинде Бишкекте жашаган тургундардын этникалык маданиятынын ар түрдүүлүгүн чагылдыруу болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан