Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин 10-апрелдеги жыйынында менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомунун өкмөт тараптан аткарылышы талкууланды.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Азамат Абдыбековдун айтымында, учурда өлкөдө 1544 бала бакча бар. Мунун 336сы мамлекеттик, 916сы муниципалдык, 292си жеке менчикте. Башкы прокуратура тарабынан 54 бала бакча мамлекетке кайтарылганы айтылды.
Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында, мамлекетке кайтарылган бала бакчалардын 71и өз максатында иштеп жатат, 18инде оңдоо иштери жүрүүдө.
Бала бакча тарбиячыларынын штаты тууралуу маселени чечүү боюнча каржы булактары изделип жатканын каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев белгиледи.
Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев өкмөттүн бала бакчалар багытындагы ишин "канааттандырарлык эмес" деп табууну сунуш кылып, комитет мүчөлөрү колдошту.
Комитет төрагасы КРнын Башкы прокуратурасынын өкүлүнө кайрылып, бала бакчалардын бир тобун, мамлекеттик бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу иштерин күчөтүү боюнча тапшырма берилди.