Ош шаардык мэриясы катуу жамгырдан улам зыянга учураган жолдорду оңдоо үчүн 1 миллион сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде аталган мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-апрелде катуу жааган жамгырдан улам Ош шаарындагы айрым жолдорду суу алып, авариялык абалга келген. Мындан улам жолдорду оңдоо үчүн 1 миллион сом бөлүнөт. Оңдоо иштерин май айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.