Балык кармап жүрүп Өзбекстандын аймагына кирип кеткен 3 кыргыз жараны кайтарылды

12-апрелде 3 кыргыз жараны Баткен облусунун Чоң-Кара аймагында Сох дарыясынын боюнда балык кармап жүрүп Өзбекстандын аймагына 200 метр кирип кеткен. Алар өзбек чек арачылары тарабынан кармалып, көп өтпөй кыргыз чек арачыларына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, кармалган кыргыз жарандары балык кармаганга дизель агрегаттарын колдонушканы аныкталды. Алар бул шаймандын жардамы менен электр тогуна тартылып өлгөн балыктарды чогултуп алып жүрүшкөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
chyngyz1992
2015-04-13 14:57:45
Дизел Агрегат деген эмне тушундуруп беринизчи Админ сураныч!
+1
Kampos
2015-04-13 18:12:00
chyngyz1992, эу, ал деген моторный кайыктар.
-1
zhykyo
2015-04-13 19:30:20
Кыргыз балыктар Озбекстанга кире качышкан экен да
-2
Esenali
2015-04-13 21:33:25
Ал жер озу кыргызстандыкы болчу жакында эле ээлеп алышты биз да балык кармаганы баралбай калдык
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан