Кыргыз мамлекетинин чек арачылары Сочиде өткөн аскердик ырлар сынагында 1-орунду ээлешти

Орусиянын Сочи шаарында “Үмүт үчүн”, “Ата Мекен үчүн” жана “Сүйүү үчүн” деген аталышта аскердик ырлардын 18-фестивалы өттү (КМШ өлкөлөрүнүн алкагында). Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара 4-апрелден 11-апрелге чейин орун алды. Негизги максаты - КМШ мамлекеттери ортосунда аскердик ырлардын эң мыкты аткаруучуларын аныктоо. Фестивалдын катышуучуларына атайын сыйлыктар, дипломдор берилди. 

"Мамлекеттик чек ара кызматынын ансамблинин солисттери Аксайбек Мукамбет уулу жана Алымбек Мамырбай уулу “Вокалдык-инструменталдык ансамблдер жана топтор” номинациясында 1-орунду багындырышты",- деп билдирди мекеме.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Artyr1994
2015-04-13 18:06:44
Оххо жакшы экен куттуктайбыз!
0
Medina87
2015-04-13 18:49:08
Азаматтар! Чек араны гана коргоп тим болбой чет жакада Кыргыз калкыбыздын кадырын да которгондоруно алкыш! Иштерине, чыгармачылык таланттарына ийгилик!
+2
kama_future_millioner
2015-04-13 20:05:19
Куттуктайбыз
0
lanu
2015-04-13 20:11:40
азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан