Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары бүгүн, 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун абалы менен таанышышты. Ош аэропортунун директору Абдинабий Алиев Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун азыркы абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Жалал-Абад аэропорту ички аба линияларынын аэропорту болуп саналат, советтик чакан Ан-24, Як-40 жана алардан ылдыйкы класстагы учактарга ылайыкталган. Учурда анын учуп-конуучу тилкеси талаптарга жооп бербейт.
Учуп-конуучу тилкени дагы 200 метрге узартуу үчүн 239 миллион сом керектелери, аэробекет жетекчилиги менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акча табууга жардамдашарын билдиргени айтылды.
Депутаттар “Манас” аэропорту” Жалал-Абад шаарынын аэропортун калыбына келтирүү үчүн инвесторлорду тартууда начар иштеп жатканын белгилешти.