Жалал-Абад. Облустук драма театрда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата марафон өтөт

Жалал-Абад шаарында жайгашкан 463 ар кандай деңгээлдеги, чоң жана кичи мекеме-ишканага Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата “1941-1945-жылдарда Ата Мекенди коргоочулар түбөлүк эсте калсын!” аттуу марафонго чакыруу жиберилди. Шаардык мэриядан кабарлашкандай, марафон 15-апрелде облустук Барпы атындагы драма театрынын имаратында өткөрүлөт. “Эл, жер үчүн кашык канын аябай салгылашып, Ата Мекенди коргогон кымбат жана ардактуу ардагерлерибизди материалдык жактан колдоо үчүн өткөрүлүүчү бул маанилүү иш-чарага активдүү катышып, өз салымдарын кошот деген ишеничтебиз”,- деп жазылат маалыматта.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-04-13 22:18:00
Ишеничтериниз ишке улансын! Биздин ушул азыркы жашообузга кам коруп жан терин, керек болсо жанын берген согуштагы майдангер болсун, тылдагы согушка ден-соолугунун мумкунчулугуно байланыштуу бара албаган азаматтар учун, бала - чака, чал - кемпирлер учун да деп белгилебесениздер да максатынызарда жетиниздер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан