Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы балдардын китепканасында акын А.Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата “Өлбөстүктү жараткан өмүр” аттуу адабий-тематикалык кечеде шаардагы №27-мектептин окуучулары 1-орунду багындырышты. Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, аталган кечеге Ош шаарындагы мектептерден сырткары Кара-Суу районундагы мектептин окуучулары катышып, акындын өмүрүн, чыгармачылык жолун сахналаштырып көрсөтүп, ырларынан көркөм окуу боюнча күч сынашышты.
Жеңүүчү окуучуларга аталган китепкананын Ардак грамоталары, баалуу белектери тапшырылды.