Бүгүн, 14-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан күйүүчү-майлоочу май менен камсыз болгон 6 оор жүк ташуучу автоунаа бөлүнүп берилип, 1 автоунаага 1850 килограмм жүгөрү үрөнү жүктөлүп, саат 06:00дө Барак эксклавынан жөнөп кетишти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагына караштуу Барак эксклавынын тургундарына жалпысынан 1850 килограмм жүгөрү үрөнү, 16 100 килограмм арпа үрөнү жана 2 МТЗ-82 трактор жеткирилип, ордуна кайра жергиликтүү тургундардан 25 баш мал, 150 баш кой, 2354 даана терек, 2 трактор, 140 тонна жүгөрү, 6 тонна буудай жана үй эмеректери Кара-Суу районунун аймагына алынып келет.