Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин 14-апрелдеги жыйынында "кылмышка шектүү" деп кармалган адамга өз тууганына телефон чалууга укук берүү боюнча мыйзам долбоору 1-окууда каралып жатат. Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, ушул долбоорду иштеп чыгуунун зарылчылыгы
жана максатка ылайыктуулугу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде
кармалган адамдын жакын туугандарына бир телефон чалуу укугу жоктугунан улам
жаралууда.
"Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик
кодексине кармалган адам иш жүзүндө кармалган
учурдан тартып үч сааттын ичинде узактыгы 5 мүнөттөн ашык эмес бир акысыз көзөмөлдөнүүчү телефондук
сүйлөшүүгө макулдук берүү тууралуу толуктоо киргизилет",- деди Расулов.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүштү.