Чүй облусунун Москва районунун Садовое айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине 3 кабаттуу 18 батирлүү үй курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде ӨКМ тарабынан журналисттер үчүн өткөргөн пресс-турда белгилүү болду.
Маалым болгондой, курулуш былтыр октябрь айында башталган. Учурда дубалдар тургузулуп, терезелер орнотулган. Жаңы үй апрелдин аягына барып толук бүткөрүлөт, бирок кызматкерлерге Жеңиштин 70 жылдыгына карата 8-майда берилет.
Айта кетсек, учурда министрликтин кызматкерлеринин 30 пайызы гана үй менен камсыз болгон. Ал эми дагы 8 батирлүү үй Ош облусунда курулууда.