Мелис Турганбаев: "Коопсуз шаар" долбоору экинчи "Кумтөр" маселеси болуп кетпеши керек"

"Коопсуз шаар" долбоору экинчи "Кумтөр" маселеси болуп кетпеши керек",- деди ички иштер министри Мелис Турганбаев. Министр мындай пикирин бүгүн, 14-апрелде парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин "Коопсуз шаар" долбоору каралып жаткан жыйынында билдирди.
Турганбаевдин айтымында, бул долбоор боюнча тендердик комиссиянын ичинде пикир келишпестик жаралып, учурда комиссия экиге бөлүнүп калды. "Коопсуз шаар" - ири жана олуттуу долбоор. Аны ишке ашырууга мыкты ишкана тандалыш керек. Тендерде жеңүүчү болуп чыккан "Стилсофт Бишкек" ишканасы бир топ күмөн жаратты. Текшерүүнүн жыйынтыгында бул компания керектүү талаптарга жооп бербегени аныкталды",- деди Турганбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан