Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин
Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутаттар
Дастан Бекешев менен
Нуркамил Мадалиевдин ортосунда түшүнбөстүк чыкты. Жыйында "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маселе талкууланып жаткан. Депутат Мадалиев фракциялашы Бекешевдин тендерге катышкан компаниялардын бирин колдоп жатканынан
шектенерин айтты. Буга нааразы болгон Бекешев:
"Мен бир дагы компанияны колдогон жокмун. Менин негизги каалаганым - долбоордун тезирээк ишке ашышы",- деп жооп берди. Мадалиев:
"Мен сизди түздөн-түз күнөөлөгөн жокмун. Болгону шектенип жатканымды айттым",- деп билдирди.