Президент Алмазбек Атамбаев 14-апрелде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 4-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аталган органдын, ошондой эле жаза-аткаруу органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерин аскердик эсепке коюунун тартибин тактоо болуп эсептелет.
Жогоруда көрсөтүлгөн максатты ишке ашыруу үчүн мыйзам менен "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө", "Аскердик наамдарды, класстык чиндерди, атайын класстык чиндерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.