Бишкек шаардык мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги рейд алкагында курулуш объектилеринин тегерегинде санитардык эрежелер бузулуп жатканын аныктап, кожоюндарынын атына протокол түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Рыскулов көчөсү-33, Жибек-Жолу-386 жана Байтик баатыр-92 даректеринде айлана-чөйрө антисанитардык абалга жетип, таштандылар баш аламан ташталганы аныкталган. Аталган инспекция тарабынан КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 488-беренеси боюнча бул жайлардын кожоюндарынын аттарына протокол түзүлүп, тиешелүү административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.