Чүй. Петровка айылында жер астынан чыккан суулар көбөйүп кеткенине байланыштуу 2 метр тереңдиктеги каналдар казылууда

Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү борборунун адиси Мурадил Молдалиев билдирди. Анын айтымында, учурда ачык типтеги дренаждык систем казылууда.

Петровка айылында жер астынан чыккан суулардын көбөйүп кетишине байланыштуу тереңдиги 2 метр жана туурасы 2,5-3 метрлик, мындайча айтканда, каналдарды казууга туура келип жатат. Өзүңөр көргөндөй, суу чыгып жаткан жерлерге камыштар өсүп кеткен. Азыр 1000 чарчы метр жерди казып бүттүк, дагы 350 чарчы метр жер калды. Бул иш-чаралардын жыйынтыгында 100гө чукул үй суу каптоодон корголот”,- деди адис. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан