Эмилбек Таштаналиев Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөл департаментинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 14-апрелде кол койгонун аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Э.Таштаналиев 2014-жылдын 18-июнунда Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик көзөмөл жана тоннель кызматы башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Башкармалык кийинчерээк департамент болуп өзгөртүлгөн.