"Жумуштун графиги абдан тыгыз болбогон күндөрү жумушка велосипед менен келип жүргөнүмө 4 жылдан ашты",- деп билдирди 14-апрелде
SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты
Данияр Тербишалиев. Депутат велосипедчен ишке келүү жакшы экенин, бирок айрым ыңгайсыздыктар болорун айтат.
"Шайлоочулар менен жолугушууларга барыш кыйын, анткени колуңда дайыма сумка болуш керек. Анан да Жогорку Кеңеште душ жок, велосипед тээп келгенде тердейсиң, бирок жуунуп алганга шарт болбойт",- дейт депутат.
Парламентте азырынча ишке велосипед менен келген жалгыз депутат экенин кошумчалады Тербишалиев.