Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармагандарды аныктоо боюнча күтүүсүз текшерүү жүрүп, 3 чакырымга жакын тор алынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармагандарды аныктоо боюнча күтүүсүз текшерүү (рейд) жүрүп, 3 чакырымга жакын тор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүү Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирге жүргүзүлгөн. Анын алкагында көлгө жайылган торлор, 1 кайык, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген сиг (6 даана) балыгы алынган.

Адистердин айтымында, Ысык-Көлдөгү балыктар жылдан-жылга азайып барат. Эгер ушундай темп менен кете берсе, бир канча жылдан кийин көлдө балык калбай калышы мүмкүн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан