Жогорку Кеңештин депутаттары Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун курулушу менен таанышышты

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин депутаттары бүгүн, 14-апрелде Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолунун Жалал-Абад – Казарман жол тилкесиндеги иштин жүрүшү менен таанышышты.   

“Жалал-Абад – Казарман жол тилкесинин узундугу 142 чакырымга жетери белгилүү болду. Жол II техникалык категорияда үч этапта курулат. Ал эми тоннель курулушу каралып жаткан Казарман - Арал тилкеси аркылуу трассанын өтүшү түндүк багытка кыйла кыска жол катнашын камсыз кылат",- деп билдирди ЖКнын маалымат кызматы. 

Депутаттар стратегиялык маанидеги бул жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан