Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгынын жаңы имаратында "Бишкек" жыйындар залы ачылды

Пекин шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгынын жаңы имаратында "Бишкек" жыйындар залынын расмий ачылышы болуп, ага ШКУнун Башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башкалар катышты. ТИМдин маалыматына таянсак, Мезенцев улуттук колоритте жасалгаланган "Бишкек" залы катчылыктын башка залдарынын катарында бийик орунду ээлей турганын белгиледи. 
Кыргыз өлкөсүнүн Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова материалдык жардам жана моралдык колдоо көрсөткөнү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына, КРнын Президентинин аппаратынын Иш башкармалыгына, КРнын Тышкы иштер министрлигине жана күч түзүмдөрүнө ыраазычылык билдиргени айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан