Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 15-апрелде айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн насыя алуу боюнча кыргыз өкмөтү менен Польша өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу тууралуу жыйын өткөрдү. Макулдашууну ишке ашыруу процедуралары талкууланды. Өкмөттүн билдиришинче, Польша өкмөтү кыргыз тарапка 40 миллион евро суммасында насыя берүүдө. Төлөө мөөнөтү 25 жыл. Каражатка тамак-аш лабораториясын куруу, айыл чарба техникаларын сатып алуу жагы каралып жатканы айтылды.
Жоомарт Оторбаев макулдашуунун тезирээк күчүнө кириши үчүн тийиштүү процедураларды тезинен бүтүрүү тапшырмасын берди.