Жогорку Кеңеш Жаза-аткаруу мекемесине кызматкерлерди ишке алуу тартиби боюнча мыйзамды кабыл алды

Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги жыйынында Жазык-аткаруу кызматынын органдары менен мекемелеринде иштеген кызматкерлерди ишке алуу тартиби боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды.

Жазык-аткаруу кызматынын берген маалыматына караганда, жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде иштеген кызматкерлерди тандоо зарылдыгы бар. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, орто жана кенже кызматтагы кызматкер келишим менен ишке алынганда, аскерде милдет өтөп, курагы 30 жаштан, ал эми 5 жылдан көп иш тажрыйбасы болсо, 35 жаштан ашпоого тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан