Парламент депутаты Бактыбек Калмаматов бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдердин айлыгын көтөрүүдө мектеп ашпозчуларын, пол жууган жумушчуларды да эске алууну сунуштады. Депутат Кара-Кулжа районундагы мектептерди кыдырып келгенин, ашпозчулар 1300 сом маяна алышарын белгиледи. "Көптөгөн мектептерде кенже класстын окуучуларына тамак даярдап берген ашпозчулар 500-1000 метр аралыктан суу ташып келип, тамак даярдашат. Сууну эшек менен ташышат, айлыгы ошол эшектин кызматына эле кетип калууда. Мындай көрүнүш өлкөнүн бардык эле аймактарында бар",- деди Калмаматов.
Депутат мектептерде мыйзамсыз акча чогултууну токтотуу керектигин айтып, "азыр акысыз билим берген мектеп дээрлик калган жок" деп билдирди.