2015-жылы Бишкектин 87 көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Канчоро Ажекбаровго шилтеме берүү менен кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул үчүн бюджеттен 21 миллион сом каралган. Ошондой эле оңдоп-түзөө иштеринин алкагында Аламүдүн суусу Жибек-Жолу көчөсү менен кесилишкен туштагы көпүрө жана Ауэзов көчөсүндө жайгашкан (Чоң Чүй каналы менен кесилишкен тушта) көпүрө оңдолот. Иштер кийинки аптада башталат.