Нарын облусунун
Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында 9-апрелде 1 койду жана 1 музоону тиштеп кеткен түлкүдөн кутурма оорусунун белгилери чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, түлкү анда койдун жана музоонун арткы буттарын жаралаган. Түлкү өлтүрүлүп, өлүгү ветеринардык-санитардык эрежелерге ылайык жок кылынган. Ал эми башы Бишкектеги Республикалык мамлекеттик ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизациялоо борборуна жөнөтүлгөн. Аталган борбордун изилдөөсүндө түлкүнүн баш мээсинен кутурма оорусунун козгогучу (Бабеш-Негри денечелери) аныкталган.
Учурда айылда иттерди каттоо боюнча иштер жүргүзүлүп, кутурма оорусуна каршы 92 ит алдын ала эмдөөлөрдөн
өткөрүлдү. Бул илдетке каршы карантин жарыяланып, айыл аймагынын ичиндеги
иттерди жана мышыктарды атып жок кылуу боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.
Бүгүнкү күндө кутурма оорусуна каршы ветеринардык-санитардык, профилактикалык иштер жана айылдын
тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Иликтеп, байкоонун
негизинде жугуштуу инфекциянын жайылуу белгилери жок экени аныкталды.