Бүгүн, 16-апрелде Ош технологиялык университетине Орусиянын Хабаровск облусунда жайгашкан Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университетинин өкүлдөрү келишти. Алгач алар окуу жайдын корпустарын кыдырышып, анын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Андан соң университеттин структуралык бөлүм жетекчилери, декандары жана кафедра башчылары менен пикир алышып, Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университети тууралуу кеңири маалымат беришти.
Окуу жайдан кабарлашкандай, пикир алышуунун жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда кызматташууга кол коюлду. Ыраакы Чыгыш мамлекеттик университетинин биринчи проректору Ганус Андрей баштаган делегацияга окуу жайдын жетекчилиги кыргыздын ак калпагын кийгизип, мындан ары эки окуу жай ортосунда илимий жана тажрыйба алмашуу кызматташтыгы болуп турары айтылды.