"Аймактарда окуучулардын билим деңгээли төмөн болууда" дейт министр Сариева

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын 17-апрелдеги жыйынында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мугалимдердин маяналарын жогорулатуу маселеси боюнча маалымат берип жатат.

Депутаттар өлкөнүн аймактарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз экенин айтышып, жаш мугалимдер аймактарга барып эмгектенүүгө ниеттенбегендигин билдиришүүдө.

Министр: "Министрлик жүргүзгөн анализдин жыйынтыгында облустарда 11-класстардын окуучуларынын билим деңгээли төмөн экени аныкталды. Окуучулар кыргыз тили, тарых жана кыргыз адабияты боюнча "3" жана "4" деген бааларды алышкан. Башка сабактар боюнча мындан да начар экени белгилүү болду",- деди Сариева.

Бул маселени чечиш үчүн министр мугалимдердин сапатын жогорулатуу керектигин айтып, өзү жетектеген министрлик бул багытта иш жүргүзүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан