Бишкекте доллардын курсу кескин төмөндөп, 1 доллар кыргыздын 60 сом 40 тыйынына бааланууда
Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кескин төмөндөдү. Учурда 1 долларды сатып алуу 60 сом 3 тыйын болуп жатса, сатуу 60 сом 40 тыйынга түштү (17-апрель, саат 10:45ке карата). Айрым жайларда 1 долларды сатып алуу 61 сом, сатуу 62 сомдун тегерегинде болуп жатат. 16-апрелде сатып алуу 1 доллар 62 сом 50 тыйынга, сатуу 63 сомго түшкөн. Ал эми март айынын соңунан бери доллардын курсу 4 сом 50 тыйынга төмөндөдү. Анткени доллардын курсу кескин көтөрүлүп, сатуу 65 сомго жеткен.