“Коопсуз шаар” долбоорун тендерден уткан ишкана 1 жылдан бери документтерге кол койдура албай, ишин баштай албай жатат

“Коопсуз шаар” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун былтыркы жылдын 27-январь күнү тендерден утуп алган кыргыз-орус ишканасы бүгүнкү күнгө чейин КРнын Өкмөтү жана ИИМ тарабынан тиешелүү документтерге кол койдура албай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкекте тегерек стол учурунда тендерден жеңген ишкананын директору Юрий Стоянов билдирди. Анын айтымында, КРнын Ички иштер министрлиги буга байланыштуу “өткөрүлгөн тендерде мыйзам бузуучулук болгон” деп келишимге кол койбой жатат.

Биз Орусиянын 9 шаарында жана Казакстанда иш алып барабыз. Биз тараптан мыйзам бузуучулук жана сотко чакыруулар бир да жолу болгон эмес. Компаниянын жалгыз жетекчиси жана демөөрчүсү жалгыз өзүм болом. Кеңсебиз 1,5 гектар жерди ээлеп, жалпы кызматкерлерибиздин саны 400гө жетет. Анан биз бул келишимге кол коюлуп калат деп ишенип, азыр керектүү делген аппаратураларды алып келдик. Иш оңунан чыкса эле Бишкек шаарында аталган долбоор ишке ашат”,- деди Стоянов.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан