“Коопсуз шаар” долбоорун тендерден утуп алган компания жоюлуу астында экендиги айтылды

“Коопсуз шаар” долбоорун тендерден утуп алган компания былтыркы жылдын ноябрь айынан бери жоюлуу астында. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде Бишкекте тегерек стол учурунда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, аталган компаниянын ишмердүүлүгү боюнча бир катар кемчиликтер байкалган.

Акыркы 3 жыл ичинде аталган тендерден жеңген ишканага карата 10 соттук тескөө болгон. Компаниянын жетекчиси бир да учур болгон эмес деди эле. Муну менен катар айтып кетчү жагдай, тендердин келишиминде айтылган 4 пункт боюнча иштер аткарылган эмес. Учурда “Коопсуз шаар” долбоорунун өткөрүлгөн тендери боюнча Башкы прокуратура текшерүүлөрдү жүргүзүүдө”,- деди Асанов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан