Апрелдин аягында Бишкекте маалымат-коммуникациялык технологиялар жана интернет тармагы боюнча форум өтөт. Анда кыргыз жериндеги акыркы жетишкендиктер (аталган тармак боюнча), социалдык мааниге ээ жаңы, ийгиликтүү долбоорлор талкууланат. Өлкөдө интернет жана маалымат-технологиялар тармагына салым кошкон жарандардын эмгеги белгиленет.
Уюштуруучулардын айтымында, төмөнкү номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө атайын статуэткалар тапшырылат:
1. "Мыкты социалдык долбоор";
2. "IT персона";
3. "Жылдын ачылышы";
4. "Мыкты тейлөө";
5. "Мыкты IT долбоор".