Бажы союзуна кирүүдө каралган ветеринардык көзөмөлдөө посттору үчүн техникалык жабдуулардын биринчи бөлүгү келди

Кыргыз мамлекетинин Бажы союзуна кирүүдө каралган ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө посттору үчүн техникалык жабдыктардын биринчи бөлүгү келди. Муну бүгүн, 17-апрелде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти. Калган техникалык каражаттар кийинки аптада келери айтылды. 

"Негизинен каржаттар кыргыз мамлекетинин чек араларында коюлган ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл постторуна орнотулат. Техникалык каражаттарды сатып алууда тендерди Орусия тарап өткөргөн. Аларды өлкөгө алып келип, жер-жерлерге жекирип орнотууну да ошол тарап өз жоопкерчилигине алган. Алынып келинген техникалар Орусиядан жүктөрдү коштоп келген адистер жана өлкөнүн адистери менен биргеликте бөлүштүрүлүүдө",- деп билдирет мекеме. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан