"Канадалык "Центерра" ишканасы "Кумтөр" кени менен эле байыды",- деп билдирди депутат Анвар Артыков Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн 17-апрелдеги кезексиз өтүп жаткан жыйынында.
Анын айтымында, учурда "Центерра" кеңейип, башка мамлекеттерде кендерди өндүрүүдө. "Бул ишкана иштетип жаткан Монголиядагы кенден "Кумтөр" кениндегидей каражат түшпөйт. "Центерра" чет өлкөлөрдө биздин акчабызга өндүрүп жаткан кирешелеринин бөлүгүн бизге бериши керек. Ошондой эле биз дагы кошумча акция сатып алып, "Центерранын" акцияларынын көзөмөлдүк пакетине ээ болушубуз керек. "Кумтөр" - кыргыз компаниясы, ал кыргыз жеринде бутуна турган",- деди Артыков.