Жабырлануучу: "Бактамед" дарысын 2,5 жыл мурун алган баламдын нерв системи бузулуп, бир буту кыскарып, анан ичкерип кетти"

"Бактамед" дарысын 2,5 жыл мурун алган баламдын нерв системи өз калыбына дагы деле келе элек. Муну бүгүн, 17-апрелде SUPER.KG порталына жабыркаган наристенин энеси Гүлниза Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 2012-жылы октябрь айында баласы жөтөлүп дарыгерге кайрылганда ага адис "Бактамед" препаратын жазып берген.

Бактамедди" балам күндө бир маалдан бир жума алды. Көрсө, ошондо эле нерв системине доо кеткен экен. Балам Адилет анда 1 жаштан жаңы ашкан эле, баса элек болчу. Кийин байкасак, бир буту ичкерип, кыскарып, такыр эле басканы башка балдардан кечеңдеп калды. 2013-жылы январь айларында ооруканага алып барып анализден өткөрсөк, нерв системине доо кеткенин айтты. Невропатолог дагы анализдин жыйынтыгына таянып, баары ошол дарынын айынан болгонун айткан. Министрлик да ушундай эле жооп кайтарган. Андан соң 2 ай сайын барып 10 күндүк дарылануудан өтүп турдук. Азыр болсо 3-4 айда бир барабыз. Бирок Адилеттин бир буту кыска жана ичке болуп, басканда кыйналат. Качан толук айыгып кетерин эч ким билбейт”,- деди Жусупбекова.

Адилеттин апасынын айтымында, алар эч жакка кайрылышкан эмес. “Балам айыкса экен деп, ошону менен чуркап жүрүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга убакыт деле болгон жок”,- дейт ал.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ainuska00
2015-04-17 16:23:16
кудай сактасын,балдарыбыздын,биздин келечегинен деле коркуп жашап калдык го(((
0
lale82
2015-04-17 16:50:01
ооба врачтар каалаган даарысын жазып берип коё берет.эптеп ооруну жолго салса болду.менин дагы 2 жаштагы кызыма аябай кучтуу даарыларды жазып беришкен кудай жалгап аптекада иштеген таанышыма корсотсом кызымдын жашынада, ден соолугуна да туура келбеген кучтуу дарылар экен.албай эле ошол таанышым айткан жонокой даарылар менен элде айыгып кеткенбиз.рахмат айттым. кудай сактады бизди.кулагы ооруп барган кызыма 1800 сомдук даары жазган.
0
Qnet
2015-04-17 17:18:24
Бул дарыларды баардык аптекалардан алдырып койгонго алдары жетээр,болбоду дегенде ушуга алынар жетеби,урматтуу башкаруучулар?
0
aiur
2015-04-17 17:26:05
Кудай сактаа,менинда кызым жотолгондо Бактамед жазган 5кун дегенин 3кун алганбыз,ооруду деп ыйлаганынан токтотуп койгонбуз,окуп коркуп кеттим,биз кайдан билебиз кайсы дары кандай экенин,врачтарга ишенгенбизда.
0
Zarema94
2015-04-17 17:31:13
Бир эже айтты эле ' биз кыргыздар кафе менен аптека ачканга эле машпыз. Туура эмес тамактанабыз дагы, аптекага чуркайбыз. Аны да туура эмес колд0н0буз" деп
0
madina.87
2015-04-17 19:43:59
Кудай сакта!менин синдимда алдыле ушу дарыдан
0
aku
2015-04-18 09:42:58
Коркутпагылачы.менин балама бир жашка Чыга электе ушул уколду алдырган врачтар. биринсисинде беш кун алган дагы эки айдан кийин ооруганда 4 кун алганбыз.азыр балам1.7ай дагы эле тили чыга элек ошодонбу.журокту ооруттунар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан